www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы белгиленүүдө.

Майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук ишмерлер катышты.


Белгилей кетсек, иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолду.


Анын алкагында маданий иш-чаралар, "Ынтымак" фестивалы, боз үйлөрдөн турган айыл уюштурулуп, концерттик программа уюштурулду.


Кыргыз Республикасы 1991-жылы 31-августта Көз карандысыздык жөнүндө декларация кабыл алып, өз алдынча эгемен мамлекет деп таанылган.



Көчмөн эл 31 жыл аралыгында өлкөдө саясий-экономикалык каатчылыкты, адам өмүрүн алган Баткен окуясын жана ошондой эле март, апрель, октябрь ыңкылаптарын башынан кечирди. Тарых барактарында калган мындай окуялардан кийин Кыргызстанда эл башкаргандар бир нече жолу алмашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости