www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва шаарында жүргөн кыргызстандыктар башкалар үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулар бар же жогун билүү үчүн кошумча (тереңдетилген) медициналык текшерүүдөн өтүүдө акы төлөө милдетинен бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Мындай чечим Кыргызстандын бир нече кайрылуусунан кийин кабыл алынган.

«Көп функциялуу миграциялык борбор» мамлекеттик мекемесинин аймагында жүргүзүлгөн медициналык изилдөөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Буга байланыштуу мигранттар башка медициналык мекемелерге жиберилбейт, алар аталган борбордун аймагында жугуштуу оорулардын бар же жоктугуна кошумча (тереңдетилген) медициналык текшерүүдөн өтө алат. Мигранттан жугуштуу оору аныкталса жана ал тийиштүү дарылоону талап кылса, Москва шаарындагы адистештирилген медициналык уюмдарга жөнөтүлөт. Бул учурда да жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн акы алынбайт», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

2021-жылы 29-декабрдан баштап Россияда иштөөнү каалаган чет өлкөлүк жарандар 30 күндүн ичинде милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Ошондой эле манжа изин каттап, сүрөткө түшүүсү зарыл.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости