www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан баары бир 12 жылдык окууга өтүшү керек. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев август кеңешмесинин секциялык жыйынында билдирди.

“Баары кеңешилип, саясий колдоо тапкандан кийин ал маселени алдыңыздарга алып чыктым. 12 жылдык билим берүүгө барабыз, бирок муну туура түшүндүрүшүңүздөр керек. Биз бир жыл кошуп жаткан жокпуз, союз убагынан калып калган нөлүнчү классты бир деп атоо менен 12 жыл окутабыз. Тескерисинче, 1022 сааттык жүктөмдү 854 саатка чейин түшүрөбүз. Кээ бир мугалимдер саатым кыскарат деп ойлошу мүмкүн, бирок биз балдардын аманат убактысын текке кетирбешибиз керек”, — деди Бейшеналиев.

Миинстр бир өзгөчөлүгү катары окуучу спорттун же маданияттын бир түрүн өздөштүрүп чыгышы керек деген колорит киргизилерин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости