www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын коопсуздук боюнча федералдык кызматы журналист Дарья Дугинаны өлүмү боюнча иштин бетин ачты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Кылмыш Украинанын атайын кызматы тарабынан даярдалып жана жасалганы такталды. Аны Украинанын 43 жаштагы жараны Наталья Вовк аткарган. Кылмышкер аял 12 жаштагы кызы менен 23-июлда Россияга келип, Дугина жашаган үйдөн батир жалдаган. Муну Вовк аңдып жүргөн Дугина тууралуу керектүү маалыматтарды чогултуу үчүн жасаган", — деп айтылат маалыматта.

Вовк журналистти аңдуу үчүн Mini Cooper системасын колдонгон. Орусияга кирип келе жатканда буюртманы аткарган аялдын автоунаасында ДЭРдин, Москвада – Казакстандыкы, ал эми чыгып бара жатканда Украинанын номери тагылганы ачыкталды. Каргаша болгон күнү Вовк кызы менен бирге "Традиция" деп аталган адабий-музыкалык фестивалга катышкан. Ал жерге Дугина ардактуу конок катары чакырылган.

"Рулда Дугина бараткан Toyota Land Cruiser Prado жолтандабасын аралыктан жардырган соң Вовк кызы экөө Псков облусу аркылуу Эстонияга чыгып кеткен", — деп билдирген ФСБ.

Иликтөөнүн материалдары РФтин Тергөө комитетине берилген.

Эске салсак, журналист жана саясат таануучу Дарья Дугина 20-августта кечинде киши колдуу болуп каза тапкан, тагыраагы, ал кетип бара жаткан автоунаа жардырылган. Трагедия Подмосковьенин Одинцов районундагы Можайск шоссесинде болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости