www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд облусунун медициналык тарыхында алгачкы жолу боор алмаштыруу операциясы жасалып, жыйынтыгында бейтап да, донор да каза болуп калды.

Маалыматка караганда, операция Самарканд облустук көп профилдүү медициналык борбордо 9-августта жасалган. 57 жаштагы бейтап боор циррозунан жабыркап, ага 35 жаштагы кызы донор болгон. Аял өзү 12-августта, кызы 16-августта көз жумган.

Донор болгон аялдын артында үч баласы калды. Операция маалында анын күйөөсү Орусияда иштеп жүргөн. Ал аялына донор болууга жазуу түрүндө уруксат берип, тиешелүү документтерди электрондук түрдө жөнөтүп жиберген.

Сегиз трансплантолог-дарыгер, беш анестезиолог-дарыгер, эки трансфузиолог жана он медайым катышкан операция 13 саат 20 мүнөткө созулган.

"Биз оор операцияны ийгиликтүү жасадык. Бул Самарканд облусунун медицинасынын дагы бир жетишкендиги болуп калды. Операцияга кылдат даярданганбыз. Биздин кызматкерлер Москвага, Казанга, Киевге, Стамбулга жана Анкарага барып, квалификацияларын жогорулатып келишкен. Мындан тышкары бизге Ташкенттеги Республикалык адистештирилген илимий-практикалык медициналык борбордун кызматкерлери да колдоо көрсөтүштү", – деген операциядан кийин Самарканддагы медициналык борбордун башкы дарыгери Лутфулло Махмонов.

Буга чейин адамдын органдарын алмаштыруу боюнча операцияларды жасоо үчүн Самарканд облустук көп профилдүү медициналык борборго бюджеттин эсебинен 10 миллиард сумга (913 миң доллар) заманбап медициналык жабдуулар сатып алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости