www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаарындагы аскердик бөлүктөрдүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 21 жаштагы жоокер Абылай Сабыров каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты Казакстандын Улуттук гвардиясынын "Түндүк" аймактык командачылыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.

Расмий маалыматка караганда, аскер кызматкери 22-августта түштөн кийин "өзүнө бекитип берилген Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен өзүн атып алган". Жыйынтыгында алган жараатынан улам каза болуп калган.

Окуяга байланыштуу кызматтык териштирүү башталып, укук коргоо органдары тергөө амалдарын баштаганы кабарланды.

Бул акыркы айларда Казакстанда аскер кызматкери каза болгон алгачкы учур эмес. 20-августта Жамбыл облусундагы чек ара заставасында милдеттүү түрдө кызмат өтөп жаткан жоокердин сөөгү табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча ал өз өмүрүнө кол салган.

17-августта Атырау облусундагы мамлекеттик чек аранын тилкелеринин биринде милдеттү аскердик кызматын өтөп жаткан Нурбек Ергалиев каза болгон.

Июлдун аягында Казакстандын эки башка облусунда Улуттук гвардиянын эки кызматкери асынып алган жеринен табылган. Көп өтпөй Акмоло облусунун Щучинск шаарындагы Аскердик колледжде курсант жараат алганы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости