www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономист Эмил Ашымбаев экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго Facebook, Google, Apple жана Яндекс сыяктуу компанияларга салык киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Акылбек Үсөнбекович, сиз Facebook, Яндексти салык төлөөгө мажбурлай аласызбы?

Акылбек Үсөнбекович, келиңиз, сиз QR – коддорго чейин Facebook, Google, Apple, Android сыяктуу компанияларды жана ЯНДЕКС таксини салык төлөөгө мажбурлаңыз. Сизге түшүнүктүү кылып жеткирүү жана сиздин идеялардын мааниси жоктугун тушүндүрүү үчүн жекече мисал келтирейин.

Мен таргет үчүн 200 доллар короттум, эми мындай суроо бар: 200 доллардан Фейсбук мамлекетке канча салык төлөөгө тийиш? Шайлоо убагында таргетке миллиондор сарпталат, азыр жарнаманын басымдуу бөлүгү социалдык тармактарда топтолгон, андай болсо алар канча салык төлөп жатат? 

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мындай салыктарды да төлөтүүгө болот. Бирок сиз QR коддорду алгач Ош базардагы курут, байпак жана жүз аарчы саткан,  жерлерге коюуну сунуштап жатасыз.

Эгерде базарлардын дирекциясы коду жок сатуучуларды кубаласа, анда ички мигранттар, пенсионерлер жана аз камсыз болгон жарандар эч кирешеси жок сыртта калат. Алар алып сатуудан майда-чүйдө гана тыйын табат.

Сиз бюджетти чындап толтургуңуз келгенин эми көрсөтүңүз жана ишти ири компаниялардан баштаңыз жана андан көп өтпөй эл аралык гигант уюмдар бизди мамлекет катары сыйлап салык төлөй баштайт. Мына ошондо гана сиз мамлекеттин пайдасы үчүн бардыгы баалай турган кадам жасаган болосуз", - деп белгилеген ал.

Эске салсак, буга чейин Акылбек Жапаров Кыргызстан салык төлөгөн адам үчүн гана бейиш, ал эми салыктан качкандарга кыйын болорун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости