www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жавлон Жураев:

Демократия боюнча Кыргызстан албетте, алдыга кетти. Мындай пикирди Ташкенттеги эл аралык Вестминстер университетинин окутуучусу, Норвегиянын эл аралык мамилелер институтунун илимий изилдөөчүсү Жавлон Жураев айтты. 

--"Демократия боюнча Кыргызстан, албетте, алдыга кетти. Бул өлкөдө жарандардын саясий эркиндиги бар жана жарандык коомдун ролу да күчтүү болууда.

Мурунку казак президенти Нурсултан Назарбаев өз эрки менен бийликтен кеткени Казакстанда да алдыга жылыш байкалат.

Экс-президент Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин Өзбекстанда демократияга карай байкаларлык жылыштар болуп жатат. Өлкөдө ишкерлерге эркиндик көбүрөөк бериле баштады. Ал эми бизнес деген - бул экономикалык бийлик да, ишкерлер да саясий эркиндигин пайдаланганга өттү.

Бирок Өзбекстанда дале ички тиреш бар, бирок бул жерде Кыргызстан жана Казакстандагыдай түндүк-түштүк эмес, андан да бытырандыланып, идеологиялык жана саясий ажырым көп", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости