www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын айыл чарбасында эмгекке жарактуу элдин 40 пайызы иштешет, айыл чарба продуктулары өлкөнүн ИДПсынын 20 пайызын түзөт. Ушундай эң негизги министрлик статс-башкармалыктын ишин аткарып, «мынча жер айдалды, түкүнчө үрөн себилди, баланча түшүм жыйналды» деген сыяктуу маалыматтарды берип коюп, алакан жайып отурат. Агрардык өлкөнүнүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча бир программа иштелип чыга элек. Быйыл арпа, буудайдын гектарынан 12 центнерден араң түшүм жыйналган. «Бука канча литр сүт берет?» деп сураган мэрге окшоп, уй менен буканын айрымасын билбеген жети өгүздүк жердешинин баласы, мугалим-юрист Нурлан Шериповду суу чарбасына жооптуу орун басар кылып алган министр Аскарбек Жаныбеков эми «гектарынан 40 центнерден түшүм бере турган үрөн себүү керек» деп дыйкандарга акыл үйрөтүп жатыптыр. Кыштын кыраан чилдесинде, 2-февралда министр болуп бекигенин Аскарбек Жаныбеков унутуп калганбы? Айдоо, себүү иштери баштала электе күздөгү түшүмдүн камын көрбөй эшек такалап жүрдүбү? Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу, 6,5 миллион элдин тагдыры мойнунда экенин билеби бул эргул? Же менчик фирмасы «Рейна-Кенчтеги асыл тукум букаларынын, канаттуулар фабрикасындагы тоокторунун камын көрүп, пулун санап отура береби?
Булак: Азия News гезити