www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу маселе көтөрүлдү. Жыйында коргоо министри Бактыбек Бекболотовду кызматтан кетирүүнү талабы жаңырды. Эл өкүлү Эмил Токтошев аскерлердин өлүмүнө министр керт башы менен жооп бериши керектигин айтты.

"Өткөндө журналисттерге жооп берип жатып "аскерге даярдыгы жок келип өлүп жатышат" деп айтыптыр. Мен бул жообуна түшүнбөй калдым. Бул тарбиялаганды билбесе, реформа кылбаса жумуштан кетиши керек", - деди Токтошев.

Белгилей кетсек, соңку эки айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза тапты.

Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости