www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн социалдык тармактарда президенттин бир тууганы Сабыр Жапаровдун колунда алтын куймалары менен түшкөн сүрөтү тарады. Кадрдагы экинчи адамга караганда, сүрөт Түркияда тартылган - муну эркектин формасы көрсөтүп турат.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев сүрөткө комментарий берип жатып, сүрөт эски экени жана болжол менен 2016-2017-жылдары тартылганын билдирди. Бирок пресс-катчынын сөздөрүнүн чындыкка дал келбей калышынын бир нече себеби бар:

Биринчи себеп: сүрөттө Сабыр Жапаров жана түрк ишканасынын кызматкери коронавирустук пандемиядан кийин милдеттүү болуп калган медициналык беткаптар менен кыдырып жүрүшөт. Сабыр Жапаров кыргызча адат мене беткабын чечип, колуна кармап турат, бирок түркиялык ишкананын кызматкери чечкен эмес. Түркияда ушул жылдын май айынын аягында гана беткап режими жокко чыгарылган, бирок үй ичинде беткап кийүү сунушталат. Сыягы, бул сүрөт акыркы эки жылда – Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин тартылган окшойт.

Бул аргументтен кийин Эрбол Султанбаев кийинчерээк маалымат каражаттарына сүрөт кандай жагдайда тартылганы тууралуу маалымат берүүнү убадалады.

Экинчи себеп, 2016-2017-жылдары Сабыр Жапаров алтын же башка баалуу металлдарга байланыштуу эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Ошол учурда ал өзүнүн иши менен алектенип, агасын колдоо митингдерине гана катышып жүргөн.

Сүрөт 2020-2022-жылдар аралыгында тартылган күндө дагы, Сабыр Жапаров расмий түрдө эч кандай кызматта иштебегенине карабастан. эмне үчүн мынчалык көп алтынга ээ болгону белгисиз бойдон калууда.

Үчүнчү себеп: 2016-2017-жылдары Сабыр Жапаров башкача көрүнгөн. 2017-жылдын жазында Садыр Жапаров өлкөгө кайтып келген, бирок ал дароо камакка алынган. Андан кийин Садыр Жапаровду колдоо максатында Бишкекте бир нече митингдер өткөн. Анын башында Сабыр Жапаров турган. Архивдик кадрларга караганда, президенттин бир тууганы анда колунда алтын кармап турган сүрөткө салыштырмалуу жүзү башкача болуп, жаш көрүнүп турат.

Последние новости