www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус илдети боюнча калкка толук маалымат берилбей жатат. Бул тууралуу 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмиль Токтошев билдирди. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.

"Оору боюнча күнүгө чыгып маалымат берип жатасыздар. Бирок илдетке кабылгандардын саны гана айтылып, башка жагдайлар тууралуу сөз жок. Байкаганыбыздай илдет азайган жок, абал оор боюнча сакталууда. Эмне үчүн оорунун чыккан жерин айтпай жатасыңар? Эгер толук маалымат берсеңер, эл өзү сактанмак", - деген депутат топтолгон каражаттардын кайда, кантип жумшалып жатканы тууралуу да толук маалымат берүүнү талап кылды.

Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев Индияда калган мекендештердин маселесин көтөрүп: "Илдетке байланыштуу ал жакта калган кыргызстандыктар мекенине кайта албай жатат. Акчалары түгөнүп, мечитке кирип жатышса, миссионерсиңер, - деп полиция кармап кетиптир. Андыктан ал жактагы элчилик абалды жөнгө салуу менен мекендештерди Кыргызстанга кайтаруу жагын Өкмөт менен биргелешип ыкчам чечүүлөрү керек" - деп кошумчалады.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости