www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен бул окуяны али эч кимге деле айткан эмесмин. Айткандан чочулачумун. Аны ата-энем деле билишкен жок окшойт. Жакында жаңы жумушка орноштум. Кызмат иштерим боюнча жумасына бир жолу Бишкек шаарында жайгашкан фирмалардын бирине барып турууга туура келет. Бул фирма бир кезде мен туулуп-чоңойгон үйдө жайгашкан. Үйдү сатып жатканда фирмада иштегендер менен таанышып калып, ошолор аркылуу бул ишке орношком. Өзүм болсо ата-энем менен Чолпон-Атага көчүп кеткенбиз.

Бишкекке келгенде баары азыркы шартка ылайыкташып жасалгаланган "офистин" эшигин ачып кирген сайын тээ илгери болгон окуяларды эстей берчү болдум. Биз жашаган үйдүн көп нерселери бузулуп кайра оңдолуп жасалган. Айтор бир топ эле өзгөрүү болуп кеткен. Ал эми үйдүн мен гана билген жашыруун сыры али эч кимге белгисиз бойдон кала берген эле. Кээде ал фирмада иштеген кызматкерлерден акырын чекмелеп сурасам, эч кимиси андай табышмактуу кубулушту кезиктире элек экендигин айтышты.

Ал сырдуу кубулуш мен 13-14 жашка чыгып эс гартып калганда байкала баштаган. Ооба, биз жашаган үйдүн "ээси" бар болчу. Бирок үйдөгүлөрдүн ичинен мага гана туюлчу. Башкалар ал жөнүндө кеп кылышканын укканым да жок. "Үйдүн ээси" дайыма үйдө мен жалгыз калганда пайда болчу, бирок ал менин көзүмө бир да жолу көрүнгөн жок. Көрүнбөсө да мен анын келгенин сезээр элем. Биз үн чыгарбай, ойлорубузда кандайдыр бир туюм менен сүйлөшчүбүз. Ата-энем кээде конокко кетип, мен жалгыз калганда жалкоолонуп үй жыйнабай, идиш-аяктарды жуубай жатып алаар элем. Үй ээсине" менин мындай жоругум жакчу эмес. Ал мен жаткан темир торлуу керебеттин алдына келип, аны тооруй тырсылдатып үн чыгара баштачу.

- Тур, үйдү жыйна, андан соң уктайсың.

- Турбайм, эртең эле жыйнап коём.

- Турбасаң уйку бербейм, таң атканча өзүң эле кыйналасың, - туюмумда ушуларды айткан ал үстүмдөгү жуурканды акырын полго сүйрөп салаар эле. Ачуум келген мен жуурканды кымтыланып жатып алчумун. Ал ансайын күчөп, керебетти кыйчылдатып, темир торун кандайдыр бир таяк менен сүргүлөгөндөй тыртылдатып үн чыгарып тынчтык берчү эмес. Айла жок туруп, үй ичин жыйнап, жуулбаган идиш-аяктарды жууп, кыскасын айтканда бүтпөй калган иштердин баарын бүтүрүп келген соң гана мен тынч алып жатып калчумун. Ал мага келип:

- Жана эле ушинтип койсоң болот беле, - дечу туюм менен.

Кээде экөөбүз жылдыздарыбыз келишпей чатакташа да кетчүбүз, бирок бат эле кайра тил табышып алчубуз. Кээде ал эч жумуш жок кезде деле мени менен келип сүйлөшчү. Биз жатып алып ойлорубузда көп нерселерди туюмубуз менен кеп кылчубуз. Мен андан:

- Сен эмне үчүн мага көрүнбөйсүң. Сен кандай болдуң экен. Турпатыңды бир көрсөтүп койсоң боло, - десем, ал "Жок, сен менин бар экенимди мойнуңа алып сезсең болду. Менин турпатымды көргөн соң мени менен сүйлөшпөй коесуң. Андан көрө мени көрбөй койгонуң деле дурус", - деп ал мага караанын бир да жолу көрсөткөн жок. Мен ал жөнүндө үйдөгүлөрдүн эч кимисине айткан жокмун. Бир гана кошуна кемпирлерден "үй ээси" деген бар экенин угуп биздин үйдүн ээси экенин билдим.

Мен андан таптакыр чочулабай тескерисинче ага көнүп алгам. Ал жок болсо зеригип кетчүмүн. "Үй ээси" кээ бир учурларда мени менен ойноп калчу. Мен кийим үтүктөп жатканымда келип үтүктөлуп, бүктөлгөн кийимдерди ары-бери караганча чачып жиберчү. Же болбосо жайылып турган байпактарымды "кур-ады го алам"деген ой менен барсам, оюмду сезгендей байпактардын бир түгөйү жок болуп кетчү.

"Эй, сен эмне катып койдуң. Кана таап бер?" дечүмүн, Ал болсо "өзүң таап ал"дейт. Ошентип мен байпак издеп жүргөнүмдү көрүп ал кыткылыктап күлгөндөй сезилээр эле. Көбүнесе мага тийиштүү буюмдар качан мен колдоноюн дегенде жок болуп, койгон ордумдан таппай калчумун. Карайлап таппаган соң өз комнатама кирип аны чакырып сурачумун. "Менин түкүнчө оокатым кана? Бол берчи, мен мектепке кечигип жатам". "Баланча жерде" дейт ал туюм менен. Чын эле барып карасам, мен издеп жүргөн нерсе ал айткан жерден чыгып калат. Башка сабактарды жакшы билгеним менен матемагика, физика, химиядан начар болчумун. Анын жардамы аркылуу оку-чулардын алдыңкысы болдум. Кийин аттестат алаарда ошонун жардамы менен мектепти жакшы аяктадым, Кудайга шүгүр.

Мен 25 жашка чыкканда турмушка чыгып кеттим. Ага чейин биз беш-алты жыл чогуу жашадык. Күйөөмдүн үйүнөн мен андай кубулушту байкаган жокмун. Кээде ата-энемдин үйүнө келгенде, мен жалгыз калганда ал пайда болуп калчу. Кийинчерээк үй сатылып, бардыгы унутулган. Эми "фирмага" жумуштап барган соң гана эске түшүп жатпайбы. Мен аны менен бир жолуккум келип журөт. Бирок мүмкүнчүлүк жок. Ал жерде азыр толтура кишилер иштешет. Мага жалгыз калганга мүмкүнчүлүк беришпейт. Анын үстүнө үй бузулуп, ичинде көп өзгөрүү болуп кетпедиби. Балким, ал башка жакка кетип калдыбы деп ойлоп коем.

Булак: ШАМБАЛА

Последние новости