www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө амагында сатылып жаткан бензиндин дүӊ жана чекене баасынын ортосундагы айырма 20 пайыздан ашып кетти. Ал эми Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысынын айтымында, ал айрыма 10 пайыздын тегерегинде экен. Эгер андай болсо, бензиндин чекене сатык баасы 30 сомдон ашпоого тийиш, а биздечи? Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Жазгы талаа жумуштары башталып калды. Биз дыйкандар үчүн күйүүчү майдын баасын арзандаталбай отурабыз. Бензиндин баасындагы айырма өтө чоӊ болуп жатпайбы. Андан кимдер пайда табышат, аны көрүп турабыз. Мен бул маселе боюнча Антимонополиялык агенттикке кайрылгам, эмдигиче жообу жок, ал өз милдетин аткарбай калды, Өкмөт тийиштүү чараларды көрүшү керек», - дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg