www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмиль Токтошев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы РФ аймагында айдоочулардын орусиялык айдоочулук күбөлүгү болгондо гана таксиде иштөөгө уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарганын айтып, Россияда 700 миңден ашуун мекендештер иштеп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу эл өкүлү Кыргызстан ЕАЭБге жана башка интеграциялык бирикмелерге мүчө экенин эске алып, чукул чараларды көрүүгө чакырды.

Ал эми депутаттар Айбек Осмонов жана Айбек Маткеримов Конституцияга ылайык ар бир адам билим алууга укуктуу экенин эске салып, аткаруу бийлигин калктын билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, бала бакчаларды, мектептерди жана жогорку окуу жайларды материалдык-техникалык жактан камсыздоону жакшыртууга чакырышты. Муну менен катар А.Маткеримов мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл буруп, акыркы убакта бул жоопкерчилик толугу менен ата-энелерге жүктөлгөнүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости