www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда кыңыр иш кырк жылга жетпей билинет деген накыл бар. Бүгүнкүдөй убакыт зымырап көзгө илешпей өтүп жаткан кыйчалыш доордо, кыңыр иш кырк күнгө жетпей билинип калган. 

Мына айталы, Транспорт жана жол министри Тилек Текебаевге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ноокат жолун 1-сентябрга чейин бүткөрбөсөң кызматтан кетип, жооп бересиң» деген талап койгон. Августтун аягында Текебаев «Ноокат жолуна асфальт төшөө иштери бүттү» деп жар салган. Өкүнүчтүүсү, кызмат, мансап дегенде, будамайлап болсо да жоопкерчиликтен кутулуп кетейин деген халтураны биздин аткаминерлер мыкты өздөштүрүшүптүр. 

Дегенибиз, эл аралык маанидеги 4 тилкелүү жолду, эки тилке кылып, анан да 3 катмар болчу калыңдыгын бир катмар кылып бүттү кылганы Текебаев, айтып оозун жыйганча жаңы баскан асфальты 10 күн өтпөй тешилип, ишпалдасы чыгып жатат. Эми бул сапатсыз иши үчүн жоопкерчилик тартышы керекпи? 

Камчыбек Ташиев минтип тапшырма берип жолду тездетип бүтүргөнгө жараша, сапаты стандартка туура келеби текшерип, көз жазгырып будамайлаган Текебаевдин ишмердүүлүгүн кылдат анализден өткөрүп койсо жарашмак эле. 

Себеп дегенде, жаңы салынган асфальт тешилип жараксыз болуп, мамлекеттин миллиондогон каражаты талаага чапчылып, эч ким жоопкерчилик тартпай суудан кургак чыгышабы? Бир жолду кайра-кайра асфальттап мамлекеттин акчасын коромжу кылып жей беришеби? Тез арада куйту министр Текебаевдин мыйзам чегинде жоопкерчилигин караш керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости