www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин мамлекетибизде акыркы убактарда радикалдуу диндик агымдар көбөйүп, күч алып жатат. Бул тууралууу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.

Анын айтымында, бул маселе акыр аягы мамлекетти туңгуюкка алып барат.

“Өзбекстан бизге караганда динди катуу карманган мамлекет болгону менен, ал жерде конституцияда көрсөтүлгөн светтик мамлекет статусу катуу кармалат. Коомдук жайларында бетин жаап, паранжа кийбестен, жакшынакай эле кийинип жүрүшөт. Мектептерде деле балдарды чүмкөнтүп койгон жери жок. Мен өкмөттөн талап кылат элем, протоколдук тапшырма берип, мамлекеттик деңгээлде чечимдерди кабыл албасак эртеңки күнү кеч болуп калат. Алардын саны күн санап көбөйүп жатат. Түштүк тарапка барса, ар бир төртүнчү аял паранжа кийип жүрөт”,-дейт эл өкүлү.  

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости