www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азык-түлүк камы 90 күндүк деген сөз айтылгандан кийин бир тобу чочуркап, үрпөйүп калгандай болуп жатат. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Азык-түлүк камы 90 күндүк деген сөз айтылгандан кийин бир тобу чочуркап, үрпөйүп калгандай болуп жатат...  Чынында бул кооптонуп, эртең ачка калат экенбиз деп коркуп, чуркап барып мүшөктөп сатып ала баштоого негиз болбошу керек, муну өкмөт элге жакшылап түшүндүрүшү зарыл, антпесе «паника» деген башталып кетиши мүмкүн. Анда чындап эле алаамат башталат базарда, уй жалмагандай таптаза болуп калуусу да ыктымал.

Бул өтө кооптуу маселе, алдастап сатып алуулар кандай гана экономика болбосун ойрондотуп сала турганын барыбыз билебиз.

Эске салсак, мындан дагы оор кырдаалда жашаганбыз. 1992-1994-жылдарда өлкөдө ундун, буудайдын запасы бир жумага араң жете турган кырдаал болуп турган. Ал кезде азыркыдай менчик нан бышыруу жок, ун ташып келип жаткан жеке менчин фирмалар дагы, жеке ишкерлер дагы жок болчу.

Жума ичинде ун же буудай келбесе сатыкта нан жок, ачкачылык башталмак. Мына ошол шартта өкмөт жумасына эки жолу ушул эле маселени карачу, келе жаткан ар бир вагонду көзөмөлгө алып, анын станциядан станцияга жеткенине чейин териштирип отурчу.

Орус, казак жактан дагы эч жардам болбой, бизди АКШ өкмөтү сактап калган, Новороссийск же дагы бир орустун портуна чейин гуманитардык буудайды кеме-кеме кылып ташып келип берип, андан берки темир жол чыгымын да төлөп турган, ошондой эле мүшөк-мүшөк гумжардамын, бөтөлкө-бөтөлкө суу майын, баштык-башытк күрүч же кашасын ташып келип элге таратып жатты, ошол кезде андан алып жебеген киши, жебеген үйбүлө калган эмес. Ошол гумжардам базарларда дагы кенен сатылып калган.

Ошондой оор мезгилден өткөн азыр өтө деле чоң коркунуч жок, 90 күндүк запас деген итабар эле, үч айда жердин түбүнөн болсо дагы таап сатып алып келсе болот каалагандай азык-түлүктү, болгону өкмөт тыкыр иш алып баруусу зарыл деп ойлойм», - деп белгиледи саясатчы.

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдөгү азык-түлүктүн кору 90 күнгө гана жетээрин айткан.

«Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай учурда Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу деңгээли критикалык абалда турат. Биздин өлкө импортко көз каранды болуу абалына туш болдук. Суунун аз болуусу, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык айыл-чарба өндүрүүсүнүн түшүмүнө терс таасирин тийгизүүдө», — деген Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости