www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тойдо тиги жүрөт, бул жүрөт...» деп сенсация кылуу натуура кыргыздар үчүн... Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Тойдо же Куран окуткан жерде тиги жүрөт, бул жүрөт...»  деп сенсация кылуу натуура кыргыздар үчүн... Мен муну генерал Ташиев менен мурдагы бажы кызматкери Матраимовдун бир тойдо болгонунан кыйкым издеп, мамлекеттик саясий маселелерине байлап чуу чыгаруудан улам жазып жатам.

«Жер тамырынан эл тамыры көп» - дейт элибиз. Кайсы бир тойго же Куран окутуп бата кылган жерге бара жатканда кимдер менен чогуу болуп кала турганыңды болжоп болбойт. Кечээ эле кызыл чеке болуп тирешип жаткан кишиң менен ал жерде жолугуп, а түгүл бир табакташ болуп калууң дагы ажеп эмес... Сыпаалык кылып, чакырган адамдардын кадыры үчүн, келген башка адамдарды сыйлап чогуу отурууга туура келет. «Тиги бар турбайбы, бул бар турбайбы» - деп тескери бурулуп басып кете албайсың. Бул дагы биздин улуттук менталитет менен маданиятыбыздын бир жагы...», - деп жазган саясатчы Каптагаев.

Эске сала кетсек, Али Токтакунов Райымбек Матраимов менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тойдо отурганы тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости