www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-февралда Түркия менен Сирияда катуу жер титирөө болгон. Миңдеген имараттар талкаланып, эки өлкөдө тең көптөгөн адамдар өлдү. Бирок дүйнөнүн көңүлү негизинен Түркияга бурулууда. Эмне үчүн мындай болуп жатат?

Санкциялар

Батыш өлкөлөрү Дамаскка 2011-жылы Сириядагы жарандык согуштун чыгышына байланыштуу санкцияларды киргизген. Ошондон бери алар жыл сайын жаңыланып турат. Сирияга каршы чектөөлөр мунай эмбаргосун, айрым инвестицияларды чектөөнү жана Сириянын Борбордук банкынын Евробиримдиктеги активдерин тоңдурууну камтыйт. 2020-жылы Цезарь мыйзамы деп аталган мыйзам күчүнө кирген. Бул Сирия өкмөтү менен кызматташкан чет элдик компанияларга жоопкерчиликти караган санкциялардын пакети.

Гуманитардык жардамды жеткирүү

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык жардамды координациялоо кеңсесинин (OCHA) басма сөз катчысы Мадеви Сун-Суона жер титирөөнүн Сирияга чек ара аркылуу келген жардамдарды жеткирүү чынжырын үзгөнүн айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Жардамдын агымы бузулган жолдор жана башка логистикалык көйгөйлөрдөн улам убактылуу токтотулду, деди Сун-Суона.

"Кээ бир жолдор бузулган, кээ бирлери барууга мүмкүн эмес. Чечүүнү талап кылган логистикалык маселелер бар... Бизде анын качан жанданары тууралуу так маалымат жок", - деди Сун-Суона.

Дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу

Бир күн мурун Сириянын Кызыл Крест уюмунун башчысы Халед Хбубати жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Дамаскка каршы бир тараптуу санкцияларды алып салууга чакырган, анткени өлкө атайын техника менен камсыз кылууга муктаж.

"Биз кыйратуучу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Сирияга киргизилген блокаданы жана экономикалык санкцияларды алып салууга чакырып жатабыз... Бизге издөө-куткаруу иштерин тездетүү үчүн оор техника, тез жардам жана өрт өчүрүү бригадалары керек", - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле Сириянын Тышкы иштер министрлиги санкцияларды алып салууга чакырды, анткени алар "Сириядагы гуманитардык иштерге тоскоол болууда. Сириялыктар урандыларды колдору менен тазалоого мажбур, алар эң жөнөкөй куралдарды колдонуп жатышат, анткени алар үчүн атайын техника жок".

Ошол эле учурда Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык жардам боюнча мурдагы координатору Ян Эгеланд Би-Би-Сиге берген маегинде Башар Асаддын режими болобу, оппозиция болобу, Сириядагы саясий жаңжалдын тараптарына кандай болгон күндө дагы акча которууга болбоорун билдирди.

«Бардык жардам бейөкмөт уюмдар – БУУнун агенттиктери, Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай системасы аркылуу өтүшү керек», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости