www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жер титирөөдөн кыйраган шаарга учуп келди. Бул тууралуу Түркиянын президенттик администрациясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылат.
Түрк лидери менен учак өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш шаарына конду.
CANLI | Cumhurbaşkanı Erdoğan, Kahramanmaraş'ta deprem bölgesinde inceleme yapıyorhttps://t.co/cARejca0xp
— Habertürk (@Haberturk) February 8, 2023
Эрдоган табигый кырсык болгон аймактарда жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу чараларын көрүү үчүн Түркиянын түштүгүнө барды. Түрк лидеринин биринчи сапары Кахраманмараш шаары болду, андан соң Пазарджик аймагына барат.
Андан соң күтүлгөндөй Түркиянын президенти түштүктөгү Хатай провинциясына баруусу пландалууда. Эрдоган кырсык болгон аймактагы иштерди жеринде координациялоону пландоодо.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.
Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондордун саны 7 миң 108, ал эми жабыркагандардын саны 40 миң 910 адамга жеткени кабарланды.
Булак: NazarNews.kg