www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн YouTube Россия ЖМКларына цензура кылып жатат

Роскомнадзор YouTube видеохостинги россиялык ЖКМлардын аккаунтунда жайгашкан контенттерди чектеп жатканын айтты. Бул туурасында «Интерфакс» ведомствонун маалымат кызматына таянып жазган.

«Россиянын федералдык каналдарында берилген фильмдерде жаш куракка чектөө коюлган эмес. YouTube администрациясынын пикирине караганда, ал жашы жогору көрүүчүлөргө гана жеткиликтүү болушу мүмкүн. Көптөгөн роликтер видеохостингдеги авторлуктан соң же контентти чоңдор көрүүгө болот деген макулдашуудан кийин гана көрсөтүлүп жатат», — деп жазган агенттик РКНге шилтеме берип.

Ведомство YouTube «Батышта кабылданган позициядан башкача маалыматты видеохостингдин көрүүчүлөрүнө жеткирген роликтерди» чектеп жатат деп эсептейт. Тагыраагы, тарыхый өңүттөгү, маселен, Россиянын фашизмди жеңгени, Бесландагы трагедиялуу окуялар ар кыл шылтоо менен блоктолуп калууда. Андан сырткары, YouTube НТВ каналынын расмий аккаунтундагы Россия президентинин сүйлөгөнүн көрсөтпөй салып, аны капыстан болгон кокустук катары атаган.

YouTube, мындан сырткары, Россиянын мамлекеттик гимни бар роликтерге чектөө койгон, муну автордук укуктун бузулушу деп түшүндүргөн, айтымында, ал чет элдик укук ээсине тиешелүү болгон.

РКН берген маалыматтарда 2020-жылы YouTube Россия ЖМКларынын аккаунттарын 9 ирет чектеген, ал эми материалдарына үч ирет мындай ыкма колдонгон. 2021-жылдын төрт айында россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын үч аккаунту жана беш материалы блоктолгон. Чектөө НТВ, Россия 24, ТВЦ, Russia Today, Sputnik сыяктуу ЖМКларга коюлган.

2020-жылдан тарта Роскомнадзор видеохостингдин администрациясына россиялык ЖМКлар боюнча баш-аягы 29 кат (алардын ичинен жетөө кайталап жазылган талап кылуулар болгон) жиберсе, алардын көбү жоопсуз калган.

Роскомнадзордун айтымында, муну менен катар эле YouTube ведомство байкаган балдар порнографиясы, экстремизм жана башка кооптуу контенттер боюнча алты миңге чукул материалды өчүргөн эмес. РКН тыюу салынган маалыматтар издөө салган интернет-ресурстардан өчүрүлбөй, табылып калганда Google үч ирет — 70 миң рублге, 1,5 миллион жана 3 миллион рубль айыпка жыгылгандыгын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости