www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда офтальмология жана ЛОР бөлүмүнүн жаңы корпусунун капсуласы салынды
Иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев, оорукананын жамааты жана "Ас-Сафа" эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя баштаган Кувейттен келген коноктор катышкан.
Аянты 2 708 чарчы метр болгон беш кабаттуу медициналык жай заманбап талапка ылайык салынары белгиленет. Корпустун салынышын толугу менен "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси каржылайт. Аны 2022-жылы майда бүтүрүү пландалууда.
2020-жылы "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмеси тарабынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Консультациялык-диагностикалык блок жана органдарды трансплантациялоочу гематология бөлүмдөрү колдонууга берилгени айтылат. Ошондой эле учурда балдардын онкология бөлүмү үчүн имарат курулуп жатат.
Булак: NazarNews.kg