www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жаткан кишинин адвокаты Кайрат Загибаев маалымат жыйынында анын өзүнө жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулуна куугунттуктоолор уюштурулганын айтты.
Адвокаттын айтымында, аял өзүнүн кызын 2016-жылы соода борборунун ажатканасында лагердин мурунку башчысы тарабынан зордукталганын айтып келет.
«Бирок бир дагы экспертиза, бир дагы күбө муну тастыктаган жок. Анын үстүнө, кыздын айтымында, энеси аны зордукталдым деп айтууга мажбурлаган. Анын көрсөтмөсүндө, кыз энесинин гинекологиялык кароосунан өткөндөн кийин (кыздын апасы гинеколог) кызын “кыз эмес экенсиң” деп айыптап, сабап салгандыгын айткан.
Бирок адистер кыздыктын жоктугун тастыкташкан жок. Анын үстүнө, зордуктоо деп аталган окуядан эки жыл өткөндөн кийин, кыздын апасы милиция кызматкерлеринин ага эч кандай далил жок экендигин айтышканына карабай, кылмыш ишин козготкон", - деди Кайрат Загибаев.
Белгилей кетсек, эне 2016-жылы балдар лагеринде 13 жаштагы кызына лагердин мурунку башчысы тийишкен, кийинчерээк соода борборунун дааратканасында зордуктаган деп ырастап жатат. Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор шектүү деп саналган Ш.Б.ны кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу актаган. Азыр борбор калаанын прокуратурасынын кассациялык арызына ылайык, кылмыш иши Жогорку Сотто каралып жатат.
Булак: NazarNews.kg