www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулуусуна байланыштуу соттук териштирүү 18-июнда түштөн кийин уланат. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

“Мурдагы сот отурумунан бери жарыш сөз жүрүп жатат. Бүгүн Атамбаевдин жактоочулары сүйлөйт. Андан кийин талкуу (реплика) болот. Аягында айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, анан гана эгер убакыт жетсе, өкүм чыгат”, -деди адвокат.

Маалыматка караганда, эртең менен башталган сот отурумуна танапис жарыяланышына мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу келбей калганы негиз болду.

Кечээ, 17-июндагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу "Батукаев иши" боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага бардык сыйлыктарынан ажыратып, 15 жылдан, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге 13 жылдан жаза чектөөнү соттон сурады.

Маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости