www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миллиардер Шаки компромисс жолу менен бийликте "рокировка" кылууга макул болду. “Кыргызстан” партиясынан классташы Баатырбеков биринчи вице – болду, “Кыргызстандан” депутат болгусу келген Абылгазиев ордун бошотуп берди. Жакында эле, таманын жалап, айтканын “ляппай” деп кыңк эткизбей аткарган Мухаммедкалый Абылгазиевке кол алдында тургандар жинин агыта баштады. Орусча “закон подлости” деп койот, бирок Абылгазиевди актоого да болбойт. Анткени, ал учурунда бир келген иштөө мүмкүнчүлүгүн пайдалана алган жок. Ал Атамбаевдин “мактоого татыктуу кызматкери” катары бийлик элитасына келген. Социалдык фондго ал эмес эл тарабынан катуу сынга кабылган Аскар Акаевич да кол сала алган эмес. Башка жакты жакындарына таянып, ашаса ашагандыр, бир гана Социалдык фонд биздин аксакал, көксакал ата - энелерибизге тиешелүү экенин билип, бул тарапка иштей турган адамдарды жөнөткөн. Акаевдин убагында жаш саясатчы Акматбек Келдибеков пенсиянын ордуна пенсионерлерге гезит, көлөч сыяктуу буюмдар керекпи же керек эмеспи таратылып жатканын билип, буларды жоюп, пенсионерлерге акча таратылып турушу үчүн күрөшкөн. Атамбаевдин убагында Социалдык фондту жетектеп келген Мухаммедкалый Абылгазиев акча каяктан куюлуп жатканын туура баамдаган. Соцфондго булганыч колун батырып, Атамбаевге жагып кызмат тепкичинен жогорулаган. Ал оркмот башчысы болгондо да, ошол принциптен улам бул жакта кимдер иштеп жатканына чейин көзөмөлдүк кылып, өзүнүн бир тууган жээни Медет Ирсалиевди көчүгүнөн ээрчите жүргөн. Учурда Медет Ирсалиев Социалдык фонддун жетекчиси. Ал эми бул фонд Атамбаевдин заманында кекиртекти толтура турган жайга айланган.

Абылгазиев канчалык танганы менен радио жыштыктар боюнча эс алууга кетип, ошол бойдон кайтып келген жок. Өкмөттүн атайын билдирүүсүндо бул иш боюнча Абылгазиевдин орун басары Эркин Асрандиев казак олигархтары менен жолугушканын жарыялаган.  Эгер  Абылгазиев таза болсо, кайра келип өз функциясын аткара бермек. Ушул иш боюнча көптөгөн кызмат жетекчилерине Кылмыш - Жаза Кодексинин 303 – беренеси боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Албетте, кызмат ордун сактап турган вице –премьер Эркин Асрандиев жооптон качышы мүмкүн. Бирок, ушул иш боюнча эмгек өргүүсүнө кетип, актыгын далилдей албай кызматынан кол жууган Абылгазиев эл алдына чыгышы керек. Эл ушуну күтүүдө, андан тышкары Абылгазиев өкмөт башында турганда, жакындарын жалактатып койчу:

1) Иманкадыр Рысалиев бажасы, "Ачык өкмөт" долбоорунун жетекчиси, 5 000 евро айлыкты эмчү эле.
2) Эрназар Иманкадыр уулу "КТ мобайл" уюмунда жетекчинин орун базары болуп 5000 доллар айлык алып иштей баштаган, учурда кызматынан кеткен.
3) Азиз Абылгазиев иниси, Саламаттык сактоо министрлигинде баңги затты тейлөө тармагында иштейт.
4) Таалайгул Сабырбекова өкмөт башчынын бажасынын аялы, "Эргэнэ" коомдук фонддун жетекчиси, жылына онкология оорусун алдын алуу боюнча өкмөттөн бир жарым миллион сом алып турган.
5) Өкүл баласы финполдо иштейт. Алло, алло дегенде эле, иштерди ары-бери кылып бүтүрүп салчу.
6) "Кыргызпочтасынын" биринчи орун басары, Урматбек Жакыпбеков, өкмөт башчынын инисинин, күйөө баласы. "КТ Мобайлды" түптөгөнгө чоң салым кошкон.
7) Жол, транспорт министрлигинде тайкелери иштейт.
8) Башка бажалары, достору өкмөттүн аппаратында иштейт.
9) Ал эми кызы Америкада окуйт, анын окуусуна бери жагы эле дегенде, 25 000 доллар жылына сарпташат. Айткандай кызы бойдок, чаап алсаңар бат эле депутат же министр болосуңар.

Тууган-тушкан, жердештери каякта иштейт экенин айтып отурсак, тизме эки метр болуп кетмек, эми жок дегенде бир метрге түшөр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости