www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында мас кишинин колунан бычакталган аялдын абалы өтө оор. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.
“Акыбалы өтө оор. Комада жатат, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Моюндун тамыры кесилип, 4 литр кан кетип калган. Азыр кан куюп жатабыз, кан басымы да түшүп жатат. Мойнунан тышкары далысына жана башка жерлерин сайгылай берген. Жашап кете алат же жок деп айтуу кыйын. Абалы өтө оор”, — деп борбордун жетекчиси айтты.
Айрым маалыматтарга таянсак, жабырлануучу бычак менен кол салган кишинин жарандык никедеги аялы.
Эске сала кетсек, кечээ, 17-июнда милициянын нөөмөт бөлүмүнө саат 19:50 чамасында Бишкектеги Ден Сяопин көчөсүндөгү мекеменин ичинде бычак кармаган адам элди коркутуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке тергөө-ыкчам тобу жана патрулдук милиция барган.
"Милиция кызматкерлери мекеменин ичине кирген учурда мас абалдагы адам колуна бычак кармап, аны ары-бери серпип элди коркутуп жүргөн. Мындан тышкары бир аялды кармап алып жанына эч кимди жолотпой жаткан. Биринчи Май РИИБинин 5-бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев ал менен сүйлөшүү аракеттерин көрүп, бычакты таштап, өз ыктыяры менен колго түшүүнү түшүндүргөн. Бирок мас адам баш тарткан.
Эркин Жаанбаев бул адам кармап турган аялды куткаруу биринчи орунда экендигин эске алуу менен мас киши менен кармашып, кармашуунун техникаларын пайдаланып аны куралсыздандырган. Андан кийин ал кармалып Биринчи Май РИИБине жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
РИИБнен мас адамдын аты-жөнү аныкталган. Ал 1984-жылы туулган С.К. Ал эми аялга "Тез жардам" кызматы чакыртылып Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүлүп, ал жактан медициналык жардам алган.
Окуя РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Булак: NazarNews.kg