www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди Жеффри Эпштейндин ишине байланыштуу документтерде аты аталган 300 белгилүү адам жана саясатчынын ысымдарынан турган тизмени жарыялады. Бул тууралуу New York Post басылмасы кабарлады.

Сөз Жеффри Эпштейнге каршы жашы жете электер менен жыныстык соода кылуу айыптоолору боюнча тергөө материалдары тууралуу болууда. Бондинин айтымында, 2025-жылдын 19-декабрына белгиленген мөөнөткө ылайык, ишке тиешелүү бардык документтерди ачыкка чыгаруу жараяны толук аяктаган.

Тизмеге бир катар белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер киргизилгени айтылууда. Алардын арасында:

– Билл Клинтон жана Хиллари Клинтон;
– Барак Обама жана Мишель Обама;
– Камала Харрис;
– Жо Байден;
– Принц Гарри;
– Билл Гейтс;
– Вуди Аллен;
– Марк Цукерберг;
– Бейонсе сыяктуу инсандар бар.

Ошол эле учурда, буга чейин Бонди федералдык кызматтарды ишке байланыштуу миңдеген барактарды жашырып келген деп айыптап, мекеме жетекчилигине жолдогон катында өзүнө толук архивдин ордуна болгону 200 барак гана берилгенин билдирген.

Эпштейн ишине байланыштуу сот документтери 2019–2024-жылдар аралыгында этап-этабы менен жашыруундуктан чыгарылган. Ал эми 2025-жылы материалдар бир нече жолу коомчулукка жарыяланган. 19-декабрда АКШнын Адилет министрлиги федералдык тергөө боюнча калган бардык материалдар жарыяланганын билдирген. Алар 3 миллиондон ашык барак документти, 2 миңден ашык видеоматериалды жана 180 миңге жакын фотосүрөттү камтыйт деп айтылууда.

Белгилей кетүү керек, тизмеде ысымдын аталганы ал адамдын күнөөлүү экенин билдирбейт – бул болгону тергөө материалдарында аты аталган адамдардын тизмеси экени баса белгиленген.

Эске салсак, буга чейин интернетте Жеффри Эпштейн тирүү болушу мүмкүн деген теория тараган. Буга аны менен байланыштуу делген Fortnite аккаунтунун активдүүлүгү себеп болгону айтылган. Сөз littlestjeffi деген ылакап ат менен ачылган профиль тууралуу болууда. Маалыматка ылайык, бул аккаунт 2019-жылдан кийин Израил аймагында активдүү болгон болушу мүмкүн. Бул тууралуу “калампир уз” New York Post басылмасына таянып жазып чыкты.

Последние новости