www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кечээ, 31-августта аянтта сүйлөп жатып, карыз тууралуу айтканы боюнча журналисттерге түшүндүрмө берди.

Ал айрым жарандар мамлекет башчынын сөзүн башкача чечмелешти деп эсептейт.

"Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзүндө "Экономикалык оор абалды турукташтыра алдык. Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл финансылык ресурстарды туура колдонуп, чукул иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен бир тыйын да карыз албай, кырдаалды жакшырта алдык" деп айтканын айрым адамдар туура эмес чечмелешти. Президенттин сөзүндө быйыл мамлекеттик бюджетке сырттан бир тыйын да карыз алынган жок деген мааниде. Бул айрымдар айтып жаткан инфраструктуралык долбоорлорго тиешеси жок", - деп билдирди Султанбаев.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кечээ, 31-августта Ала-Тоо аянтындагы куттуктоо сөзүндө тыштан карыз алынбаганы тууралуу айтканын айрым саясатчылар сынга алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эл аралык каржы уюмдары менен насыя тууралуу бир катар макулдашууларды парламент ратификациялаганын мисал келтирген. 

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын ортосуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 416 млрд. сомдон (4 млрд. 921 млн. доллар) ашты. Мунун 85% тышкы, ал эми 15% ички карызга туура келет.

Былтыр өлкөдө мамлекеттик карыз дээрлик 300 миллион долларга өсүп, 5 миллиард долларга чукулдаган. Карыз ички дүң өнүмдүн 68% түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости