www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга коронавирус диагнозу коюлгандан беш күн өткөндөн кийин ПЦР анализинин терс жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, президент штаттык режимге кайтып келди.

«Ооруган 4-5 күн өткөндөн кийин ПЦР анализим терс чыкты. "Көп жагынан бул вакцина менен байланыштуу", - деди ал журналисттерге.

Эрдоган алгачкы эки коронавирустук вакцинаны Sinovac менен жүргүзгөнүн жана күчөтүүчү доза катары Америка-Германия Pfizer - BioNTech препаратын тандап алганын айтты.

"Бул вакциналардын натыйжалуулугунан улам мен коронавирустан оңой жана тез сакайдым", - деп кошумчалады ал.

Бирок Эрдоган жубайы Эмина Эрдогандын айыга электигин айтты.

"Менимче, ал дүйшөмбүгө (14-февраль) чейин айыгып кетет. Анткени биз БАЭге иш сапары менен барышыбыз керек, ал мени жалгыз калтырбайт" деди ал.

Бүгүн, 11-февралда президент Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Жолугушуу Стамбулдагы Вахдеттин сарайында жабык эшик артында өттү.

Эске сала кетсек, Режеп Тайып Эрдоган жубайы Эмина Эрдоган менен 3-4-февраль күндөрү Украинага иш сапары менен барышкан. Президент Түркияга кайтып келгенде, ага коронавирустун "омикрон" штамы диагнозу коюлган.

Последние новости