www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору чыгарылып, коронавирусту дарылоочу аймак болоорун билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалыматына таянып, “Азаттык” жазып чыкты.
Бейшеналиев НТС телеканалына берген маегинде аталган медициналык борборго имаратты бошотууга бир күн убакыт берилерин билдирген.
"1998-жылы ижарага алган экен. Исманкулов андан кийин ижараны узартканы боюнча мэрия менен соттошсун. Ал эми мага министр катары орундар керек", - деди Бейшеналиев.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-февралда Бишкектеги №2 клиникалык көп профилдүү ооруканага барып, коронавирус менен дарыланып жаткандардын абалы менен таанышкан. Бейшеналиевге оорукана жетекчилиги коронавирустан улам башка бейтаптарга орун жетпей жатканын маалымдаганын жазды «Азаттык»
Эске сала кетсек, 4-февралда КРнын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткону менен майнап чыккан эмес. Ал ортодо коомчулукта кызуу талкууга алынып, 1000 (миңге) чукул жарандар министрге каршы митингге чыгышкан.
Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирген. Көп өтпөй Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Артисбекович өзүнүн кабинетинде отургандыгын жарыя кылды.