www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрсө, бизнес кылып жүргөн кишини Жумабековдун ордуна ал жакка жетекчи кылып алып барып жаткан турбайбы. Мындай пикирин экс-депутат Жылдыз Мусабеков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Аңгектен качсаң дөңгөккө» болуптур бу жагы. Каптагаев байкебиз кылдат адам. Калп айтпайт эле. Бу жагы кандай болуп калат?

БНИЦОнун жаңы дайындалган директору тууралуу коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев төмөнкүдөй пикирин билдирди. «Аңгектен качсаң, дөңгөккө» дегендей жеке клиникасы бар Гулия Кожоакматованы алеки заматта кызматтан алып (иштей электе) ордуна башка контрабандист дайындалытыр. Ошондо майып, ден соолугунан жабыркап, айласы кеткенден дене мүчөлөрүнө эндопротез салдырып жүргөн элдин эсебинен дагы бирөөлөр байышы керекби?

Урматтуу Алымкадыр Бейшеналиев, реформа жасаңыз, колдойбуз! Бирок, таза, жаш, артынан кеп сөзү жок бирөөнү дайындаш керек го!??

«Чатак... акыры барып эле Илимий борбордун тегерегиндеги чатак акчага барып такалат окшойт... Кечеги академик Сабырбек Жумабековдун маегин кунт коюп угуп чыктым... Анын айтканы боюнча имплант жана башка операцияга керектүү нерселер Кыргызстанга контрабанда аркылуу, эч кандай уруксат кагаздары жок алынып келинет экен да... Расмий түрдө, атайын уруксат менен бир да тетик кирбептир буга чейин, бирок миңдеген оорулууларга операция жасалып, импланттар салынып жаткан. Көрсө ошол негизи мыйзамсыз бизнес кылып жүргөн кишини азыр академик Жумабековдун ордуна ал жакка жетекчи кылып алып барып жаткан турбайбы министр мырза... Имплант ташып келүү менен операция кылуу иши биригип, бир колго өтмөк да ошондо, монополия болуп. Демек ойлорунда кандайдыр бир финансылык схема болгон, ошол ойду ишке ашыруу үчүн жаналакетке түшүп аракет болгон дегендей шек жаралышы дагы табигый эле иш го дейм. Экинчи жагынан, эл үчүн канчалык пайдасы болуп келсе дагы, ушунча жыл мыйзамсыз бизнес кылып келгени үчүн тиги киши жоопко тартылышы зарыл го дейм, буга тергөө органдары эмне дейт эми? Же болбосо «контрабандист» болсо боло берсин, эми деректир-контрабандист болуп иштей берет деп Саламаттыкты сактоо министри көгөрө береби?», - деп белгилеген Мусабекова.

Эске салсак, 4-февралда Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген.

Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирип, министрдин бул чечимин сындап келатат. 5-февралда бир нече адам акцияга чыгып, Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан. Оорукананын айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Жумабеков кызматтан кеткен-кетпегени белгисиз.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости