www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мадумаров да системанын курмандыгы», - деди бүгүн, 11-февралда NazarNews маалымат агенттигине журналист Сонунбү Кадырова.
"Эгемендикти алгандан бери биздин система чирип, сормо сазга айланып, жологон эле адамды оп тартып кете турган болуп калган. Ошону келген эле бийлик өз камчысына айландырып келе жатканы өкүнүчтүү. Эми Мадумаров да системанын курмандыгы. Бийликте иштеген. Эгер иштебеген болсо Текебаевдей илинчеги жок болмок. Бирок экөөнү салыштырганда Мадумаров таза.
Азыр эми Мадумаровду камаш керек болсо ошол кездеги чек арага байланыштуу адамдардын баары камалышы керек. Ал протоколдун күчү жок экен, бирок тажиктер документ катары кармап жатышат деп айтылып келе жатпайбы. Демек, тажиктер менен тымызын мамилеге барып, берип салган деген жыйынтыкты чыгарууга болот.
Андан сырткары ачык чыкпаган, элге айтылбаган дагы жашыруун нерселери бар болсо керек. Ошондуктан, тажиктерден Мадумаровду камап эле кутулууга боло турган жагдайга келип такалыптырбыз. Андай болсо айла жок", - деди Кадырова.
Булак: NazarNews.kg