www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия Украина менен чек арасына аскерлерин топтоону улантып жатканын, чабуулду кайсы учурда болбосун, балким Бээжин Олимпиадасы маалында коюшу мүмкүн экенин айтты.
Башкы дипломаттын айтымында, Вашингтон Киевдеги элчиликтеги кызматкерлерин кыскартууну улантууда. Блинкен 11-февралда Мелбурн шаарында өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик департаменттин америкалык жарандарды Украинадан дароо чыгып кетүү чакырыгын кайталады.
Украина менен чек арага 100 миңден көп аскерин жайгаштырган Орусия "кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт" деген Батыштын дооматын четке кагууда. Ошол эле маалда орус аскерлери Беларуста биргелешкен машыгуусун баштады.
Бейшембиде АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык жарандарды Украинадан мүмкүн болушунча тезирек чыгып кетүү кеңешин берген. Буга чейин андай ыктымалдыкты "караштыруу" эскертилген.
1-февралда Мамлекетик департамент америкалыктарды Беларуска да барбай турууну эскертти. Канада дагы өз жарандарына “Орусия жараткан коркунуч жана куралдуу жаңжал ыктымалдыгынан улам” Украинага баруудан карманууга кеңеш берген.
Булак: NazarNews.kg