www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБ министри Сергей Глазьев «Данакер» ордени менен сыйланды

Бүгүн, 11-февралда президент Садыр Жапаров менен Евразиялык экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин жолугушуусу уюштурулду.

Анда Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында биргелешкен ишмердүүлүктүн жана Кыргызстандын ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуусунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Президент Садыр Жапаров, Жогорку кеңештин мүчөлөрү Евразиялык экономикалык форумду ушул жылдын май айында Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алдында өткөрүү чечимин кабыл алышканын эске салып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен ЕЭКтин тыгыз биргелешип иштөөсүнүн зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде ЕЭК министри Сергей Глазьев мамлекет башчысына жылуу кабыл алганы жана комиссиянын артыкчылыктуу тапшырмалары жөнүндө айтуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ал май айына белгиленген Евразиялык экономикалык форумдун программалык комитетинин жетекчиси болуп дайындалып, бүгүнкү күндө анын алкагында форумдун программасын кабыл алуу зарыл.

Жолугушуунун аягында президент Садыр Жапаров Сергей Глазьевди «Данакер» ордени менен сыйлады. Расмий маалымат боюнча, бул сыйлык Кыргыз Республикасын ЕАЭБге интеграциялоого, ошондой эле Кыргызстан менен биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости