www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия ортомчулук аракеттерин жана Украинага тынчтык орнотуу үчүн кадамдарын улантууга чечкиндүү. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 23-августта Крым платформасынын онлайн саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Эрдогандын айтымында, Анкара Крым үчүн тынчтык жана эффективдүү күрөшкө багытталган Платформа түзүү идеясын толугу менен колдойт жана аны туура деп эсептейт.
Ал Түркиянын колдоосун өткөн жылы Киевде өткөрүлгөн Крым платформасынын биринчи куруу саммитине тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглунун жеке катышуусу менен көрсөткөнүн эске салды. Түркия Крым платформасынын ишмердүүлүгүнө бардык деңгээлде колдоо көрсөтүүнү улантат деп ишендирди.
Эрдоган Түркия Крымдын аннексияланышын тааныбай турганын, бул кадамды мыйзамсыз деп эсептей турганын жана окуянын биринчи күнүнөн бери коомчулукка жарыялап жатканын эске салды.
«Биздин өлкөнүн Крым боюнча позициясы мыйзамга гана эмес, Анкаранын моралдык позицияларынын негизги үлгүсүнө да негизделген. Крымдын Украинага кайтарылышы да эл аралык укуктун талабы.
Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин жана саясий биримдигин сактоо аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздук жана туруктуулук үчүн да абдан маанилүү», - деди түрк лидери.
Ал крым татарларынын укуктарын жана коопсуздугун коргоону Түркиянын башкы приоритеттеринин бири деп атады.
«Анкара Крымдагы процесстерге кылдат көз салууда. Буга байланыштуу мен дагы бир жолу Крым платформасынын биринчи саммитинен кийин камакка алынган Крым татар элинин парламентинин биринчи депутаты Наримон Жалалды жана анын шериктерин бошотууга чакырам», - деди саясатчы.
Түркиянын президенти крым татарлары өз тарыхында бир нече кайгылуу окуяларды башынан өткөрүшкөнүн жана ата-бабаларынын жеринде тынч жашоого толук укуктуу экенин эске салды.
Ал Анкара бул маселеде украин өкмөтүнө жана крым татарларына колдоо көрсөтүүнү улантат деп ишендирди.
Түркиянын башчысы Украинада үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан согуш темасына дагы бир жолу токтолду. Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигине негизделген адилеттүү тынчтыкты колдогонуна басым жасады.
Анын айтымында, Анкара дипломатиялык каналдардын эффективдүүлүгүн камсыздоо үчүн чоң аракеттерди көрүп жатат. Анталияда өткөн Түркия, Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жолугушуусу жана Стамбулда өткөн Орусия менен Украина делегацияларынын жолугушуусу буга ачык мисал боло алат.
Эрдоган ошондой эле Украинанын портторунан дан экспорттоо келишимин маанилүү жана ачык ийгилик деп атады.
«18-августта Львовго болгон иш сапарыбызда Түркиянын позициясын дагы бир жолу тастыктадык. Бирок, темпин кармап туруу жана аны узак мөөнөттүү натыйжаларга айландыруу негизинен тараптардын тынчтык кадамдарынан көз каранды. Түркия ортомчулук аракеттерин жана Украинада тынчтык орнотуу үчүн кадамдарын улантууга чечкиндүү», - деди ал.
Мамлекет башчысы согуштун аяктап, Кара деңиз чөлкөмүндө стабилдүүлүктүн калыбына келиши аймакка гана эмес, бүткүл дүйнөгө жеңил дем алууга шарт түзөрүн белгиледи.
«Ушуга байланыштуу мен Украинанын, анын ичинде Крымдын аймактык бүтүндүгүн колдой турганымды дагы бир жолу баса белгилейм жана биздин аймакта тынчтык атмосферасы тез арада калыбына келет деп ишенем», - деди президент.
Булак: NazarNews.kg