www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Климаттык кризистин кыйраткыч кесепеттерине каршы дагы биргелешкен иш керек экени түшүнүктүү. Климаттын өзгөрүшү жана ал жараткан көйгөйлөр адамзаттын жалпы түйшүгү болуп саналат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.
Эрдоган Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюму жана Пакистан тарабынан уюштурулган «Климатка туруктуу Пакистан» эл аралык конференциясына видео кайрылуу жолдоду.
Түрк лидери акыркы айларда болгон сел апаатынан улам пакистандыктардын тезирээк сакайып кетишин тиледи. Ошондой эле, Түркия буга чейин Пакистан элине колдоо көрсөтүп келгенин жана бул оор күндө да жалгыз калтырбагынын эске салды.
Анын айтымында Түркия Пакистанга 15 учак жана 13 поезд менен 7 миң 500 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткиргенин, мындан тышкары жергиликтүү өндүрүмдөр да жабыркагандар менен бөлүшүлгөн.
«Ошондой эле 1630 тоннадан ашык гуманитардык жардамды ташыган 2 кемени жөнөттүк. Бул кемелердин портторго келиши менен пакистандык боордошторубуздун кыйынчылыктары бир аз жеңилдейт деп ишенем», - деди Эрдоган.
Ал Түркиядан тышкары башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдардын Пакистан элинин чыгымын көтөрө баштаганын белгилеп өттү.
«Бирок, климаттык кризистин кыйратуучу кесепеттерине каршы дагы биргелешкен иштердин зарылчылыгы бар экендиги айдан ачык. Климаттын өзгөрүшү жана ал алып келген көйгөйлөр адамзаттын жалпы маселеси. Пакистанда болгон окуя дагы бир жолу климаттын өзгөрүшүнүн кыйратуучу кесепеттерин ачып берди.
Бул жана ушул сыяктуу кырсыктарга каршы бир стратегиянын алкагында тилектештик менен күрөшүү керек. Түркия бул глобалдык күрөшкө салым кошуу жагынан өз милдеттерин аткарууда. Кырсык болгон аймактардан тышкары, Пакистандын кырсык коркунучу бар бардык аймактарынын климатка туруктуу түрдө кайра курулушу жаңы азап-кайгынын алдын алат», - деди түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Булак: NazarNews.kg