www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай менен Венгриянын жогорку окуу жайларына сынактык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 15-январга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрлик кыргызстандыктарга Венгриянын ЖОЖдорунун бакалавриат, бир деңгээлдүү магистратура, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окууга гранттар бөлүнөрүн эскертет.
Ошондой эле гранттар Кытайдын ЖОЖдорунда бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары, тилди такшалтуу стажировкасы боюнча берилет.
Венгрия бир катар программалар боюнча окууга 200 орун бөлгөн. Стипендиялык программалар тууралуу толук маалыматты сайтынан алууга болот.
Ал эми Кытайдагы окуу боюнча маалымат дарегинде. Кытай 2023-2024-окуу жылына 23 өкмөттүк стипендия бөлгөн.
Конкурска катталуу жана катышуу акысыз. Министрлик документтерди тапшырууда ортомчу агенттиктерди пайдаланбоого чакырды.
Булак: NazarNews.kg