www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз тарыхынан, тилинен, дилинен, наркынан, рухий дүйнөсүнөн кечип коюп, баш тартып, кыргыз өнүгүп, өспөйт. Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.
- Глобализация доорунда бул мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланды. Мунун эмнеси жаман?
- Кыргыздын артында өзүнө гана таандык 100 миң жылдык басып өткөн тарыхый жол турат. Кыргыз эгерим француз, швед, фин, испан, орус болуп калбайт. Атүгүл түрк, казак, уйгур да боло албайт.
Өз тарыхынан, тилинен, дилинен, наркынан, рухий дүйнөсүнөн кечип коюп, баш тартып, кыргыз өнүгүп, өспөйт. Бөлөк элдердин катарына кошулса да экинчи, үчүнчү «сорт» болуп кошулат (мигрант, качкын, маңкурт ж.б.) жана аларга бара-бара сиңип, жок болот. Манаста «Тоолор урап сай болду, сайлар жылып тоо болду, аты калып өзү жок, далай элдер жок болду» - деп айтылганы СССР учурунда 80 жыл ичинде, миңге жакын «малые народности» деп аталган элдер жок болуп кеткени ырасталып олтурбайбы.
Ал эми дүйнө жүзүн солкулдаткан коронавирус адамзаат мындан нары жашоосун өзгөртпөсө болбойт дегенден кабар берип жатса, анда кыргыз улуттук дөөлөтүнөн баш тартканы эрте болуп жүрбөсүн?
- Бүгүн таш доору эмес. Кыргыз эскиге жармаша берсе алдыга жылбайт, өнүкпөйт. Эскиден канча эрте баш тартса, ошончо эрте өнүгөт – деген пикир көп айтылып жатпайбы?
- Адам болуу, адамча жашоо маселеси таш доорунда да, темир доорунда да, илгери да, бүгүн да курч жана олуттуу маселе бойдон калууда.
Булак: NazarNews.kg