www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-10-январда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
10-11-январларда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3…-8° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -12…-17° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -16…-21° суук болушу мүмкүн.
12-13-январда абанын температурасы мындан ары төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.
Мындай анамалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Булак: NazarNews.kg