www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украина кризисин жөнгө салуудагы аракеттери үчүн Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу кечээ, 28-декабрда Түркия парламентинин спикери Мустафа Шентоп журналисттерге билдирди.

«Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык орнотуу аракети үчүн президент Эрдоганды Нобель сыйлыгына көрсөттүм. Менин кайрылуум бар. Башка өлкөлөрдөн да кайрылуулар болот», - дейт ал.

Шентоп Түркиянын кризис темаларында ортомчулук аракетинин бүткүл дүйнөдө кубатталганын белгиледи.

«Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн көптөгөн өлкөлөрдө Түркиянын президентин Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүү демилгеси көтөрүлгөн. Мен Түркия парламентинин депутаты катары жеке өзүм тиешелүү демилгени көтөрдүм. Ушундай эле билдирүүлөр Чыгышта да, Батышта да айтылууда», - дейт түрк спикери.

Түрк парламентинин төрагасы Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркелге тынчтыкка кошкон салымы үчүн ЮНЕСКОнун сыйлыгын дагы бир жолу эске салды.

«Чындыгында Түркияда муниципалитеттин башчысы [Меркельден] көптү кылган. Ошол эле учурда 2022-жылдын эң маанилүү темасы Россия Федерациясы менен Украинанын ортосундагы согуш жана анын кесепеттерин жоюу чаралары болду. Бул багытта кадам таштаган жалгыз өлкө Түркия жана анын президенти. Калыс баа берүү керек деп ойлойм», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости