www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган орус элине, адабиятына жана искусствосуна салынган санкцияларга каршы экенин билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Түрк лидеринин айтымында, динине, тегине жана терисинин түсүнө карап бөлгөн менталитеттин адамзатка жана цивилизацияга эч кандай тиешеси жок.
Рак клеткасы сыяктуу коомдорду каптаган расизм оорусуна Батыш дүйнөсү эми каршы туруусу зарыл экенин баса белгилеген Эрдоган: "Биз Украинанын кароосуз калтырылышы сыяктуу, орус элине, адабиятына, окуучуларына жана сүрөтчүлөрүнө карай бакшыларга аңчылык кылганга окшош аракеттерди кабыл албайбыз. Германияда филармония оркестринин дрижерун Путиндин досу экен деп кызматтан четтетишүүдө. Аркы жагынан карап турсаңыздар, Достоевскийдин чыгармаларына Италияда жана башка Европа өлкөлөрүндө тыюу салынууда. Ушул кылымдын ушул маалында аларды көрүп, башыбыздан өткөрүү биз саясатчыларды чындап эле жердин түбүнө киргизип жатат. Бул фашисттик ишке ашыруулар топон менен саманды аралаштыргандай өч алуу жана жек көрүү климатын күүлөө менен жаңы нааразычылыктарды жаратып, украин элинин мыйзамдуу күрөшүнө да көлөкө түшүрүүдө",-деп айтты.
Түркия катары аймактагы кризистерге карата биринчи күндөн тартып сабырдуулукту сактап, принципиалдуу жана абийирдүү позицияны көрсөтүшкөнүн билдирген Эрдоган: "Биз өз өлкөсүндөгү согуштан, куугунтуктан качып, эшигибизге келген бир дагы адамдын тилине, динине, терисинин түсүнө караган жокпуз. Биздин улут дагы бир жолу адамдык сыноодон ийгиликтүү өттү",-деди.
Булак: NazarNews.kg