www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-майда Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Палестинанын жерлеринин эч кимге берилишине жол бербей тургандыгын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Президент АКШдагы мусулмандарга видеолуу Орозо айт майрамы билдирүүсүн жөнөттү.

«Жараткандан бул ыйык күндөрдүн Америкадагы мусулмандар менен бүткүл Ислам дүйнөсүнүн жана адамзаттын тынчтык, коопсуздук, ынтымагынын негизинде жашай турган мезгилдин сүйүнчүсү болушун тилеймин»,-деп баштаган Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус менен (Covid-19) пандемия процессинин дүйнөдө эч бир аймак, улут же өлкө үчүн иерархиялар жана бөлүүчүлүктөрдүн жарактуу болбогонун көрсөткөнүн белгиледи.

«Үч диндин ыйыгы болгон, алгачкы кыбылабыз Кудс-ү Шерифтин дүйнөлүк мусулмандардын кызыл чийини болгонун дагы бир жолу кайталагым келет»,-деп эскерткен Эрдоган: «Палестинанын жерлеринин эч кимге берилишине уруксат бербейбиз»,-деп айтты.

АКШдагы мусулман жарандык коомдук уюмдардын башкы мекемеси болгон АКШнын Мусулман уюмдашуулары кеңешинин (USCMO) башкы катчысы Усаме Жемал да, «Президент Эрдогандын ушундай кыйын мезгилде көрсөткөн лидерлиги чындап эле мактоого арзырлык. Президент Эрдоган жана бүтүндөй түрк улутуна ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,-деди Эрдоган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости