www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакка вандалдар кол салды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, белгисиз бейбаштар жаңы ачылган Түлөбердиевдин эстелигиндеги тамгаларды атайылап жулуп салышкан.

"Тамгалар атайын бир курч курал менен чыгарылган. Алгач биз ага габбро плиталарын колдонууну пландаганбыз, бирок бул таштар менен тамгалар даяр болгонго чейин убактылуу тамгалар коюлуп турган болчу. Тамгаларды чыгарып кеткенден тышкары балдар аянтчасындагы селкинчектин отургучун, жаңы коюлган таштанды урналарды да көтөрүп кетишкен. Ал эми жалаң бөтөлкө салуу үчүн орнотулган таштанды бакка жалпы эле аралашкан таштандылар салынган", - деп айтылат маалыматта. 

Аталган окуяларга байланыштуу сейил бакка камералар орнотулуп, алар бир апта ичинде иштей баштай турганын кошумчалашты.

Мындай тартипсиздиктин алдын алуу, кайталанбашы үчүн мэрия жарандарга төмөнкүдөй кайрылуу жолдоду:

"Урматтуу шаардын жашоочулары, жалпы элдин мүлкүн талкалоонун кереги жок. Аны калыбына келтирүүгө жана оңдоого акча каражаты жана адамдын күч, мээнети кетет.

Эгер сиздер да коомдук мүлктөрдү бузуп, тоноп, талкалап жаткандарды көрсөңүздөр милицияга - 102 номуруна кабарлап коюуңуздар", - деди Бишкек шаардык мэриясы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости