www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орус лидери Владимир Путин менен жакында сүйлөшүү учурунда орус президентинин Чоң жыйырмалыктын саммитине Индонезияга барышын максатка ылайыктуу деп эсептей турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Анын айтымында, Путин жооп иретинде кырдаалга баа берүү керектигин айтып, чечими тууралуу маалымат берүүгө убада кылган.
«Андан кийин орус тарап тышкы иштер министри Индонезияга келет деген чечимге келген. Ал эми саммитке катышпоо чечимине келсек, Путин мырза өзүнүн командасы менен кеңешкен окшойт. Бул маселе боюнча баа берүү аны жана анын командасын сыйлабастык болот», - деп кошумчалады Эрдоган.
15-16-ноябрда Индонезиянын Бали аралында өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде Путиндин ордуна тышкы иштер министри Сергей Лавров орус делегациясын жетектей турганы мурда кабарланган. Анын ичинде АКШ президенти Джо Байден да катышат.
Орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бул Путиндин саммиттер даталарында Орусияда болушу керек болгон графигине байланыштуу.
Булак: NazarNews.kg