www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоонун экинчи турунда ишенимдүү жеңишке жеткен Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн тарапташтары менен жолугушууда Путин тараптан сунуш кылынган Түркияда “газ борборун” негиздөөнү колдой тургандыгын жана Фракия газ борборуна айланаарына убада берди. 

Түркиянын келечеги транспорт жана энергетика тармагына инвестиция салуу менен аныкталып, дүйнөлүк алкакта лидерлик позицияга чыгарууга аракеттер болоору президенттин сөзүндө айтылды.   

Жекшемби күнү өткөн Түркиядагы президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган экинчи турдун жыйынтыгы менен шайлоочулардын 52.14 % ишенимине ээ болуп, утуп чыккан.  

Башка лидерлер менен бирге Владимир Путин да Эрдоганды куттуктады.

Орус-Түркия сүйлөшүүлөрү өткөн жылдын октябрь айында башталып, башкы көңүл “газ борборун” негиздөө менен ал 2024-жылдан баштап толук кубаттуулукта иштеп баштамакчы. 

Апрель айында Анкара бул долбоор боюнча мыйзамга толуктоолорду киргизип, Эрдогандын колу коюлуп, бекитүүсү гана калган.

Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Донмездин ырастоосунда бир катар европалык мамлекеттер, анын ичинде Венгрия жана Сербия мамлекеттери жаратылыш газын ушул “газ борборунан” алууга кызыгдар болушууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости