www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ленин районунан Жогорку Кеңешке бир мандаттуу шайлоо округунан 30 талапкер катышкан 28- майда өткөн шайлоого эл өтө аз келди. 

БШКнын маалымдашынча,125 908 шайлоочунун 17 миң 425 гана келген. Башкача айтканда, болгону 13,95% гана катышыптыр.

Бул өтө жаман тенденция. Элдин өлкө келечегине, мамлекеттин тагдырына болгон кайдыгерлиги. Мындай темп менен кетсек, эртең 2-5 миң киши депутат шайлап, 10 миң киши президент ким болоорун чечип коёт. Мунун кесепети жакшы болбойт.

Дегенибиз, коом канчалык кайдыгер болуп, шайлоодо жарандык позициясын билдирбесе, "бетин таза жуубагандар, көчөдөгү чоң муштум сабатсыз бандиттер, жеке өзүнөн башканы ойлобогон кызыл кулак соодагерлер" эл башкарып мамлекеттин түбүнө жетишет.

Натыйжада, өлкөнү сабатсыздар, бандиттер, соодгерлер, караңгылар башкарып жатышат "кокуй эле кокуй" деп наалып, нааразы болуп акмагыбыз чыгат. Күнөө өзүбүздө экенин мойнубузга алгыбыз келбейт. Ошол үчүн эл кандай болсо башчысы ошондой болот делет...

Качан тагдыр чече турган маанилүү учурда коңулдан чыкпай жатып алып, төө кыядан өткөн соң акылдуу болуп кыйкырып чыгабыз.
Негизи, өлкөнүн келечегин ойлогон эл мындай кайдыгер болбош керек. 

Өлкө башындагылар деле элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын багыттоочу, үлгү көрсөтчү видеороликтерди тартып маалымат жагын коомго сиңирип, ал түгүл элди шайлоого милдеттүү келе тургандай мыйзам кабыл алып, эң кур дегенде шайлоого 60-70% шайлоочу катышкандай кылышы милдет. Ансыз болбойт.

Эгер шайлоого келген эл 50% ашпаса, ал шайлоо жараксыз деп табылышы кажет. Дал ушундай багыттагы мыйзам керек. Мурда ошондой милдеттеме бар эле, ошону кайтарып келүү зарыл...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости