www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 14-майга белгиленген шайлоонун алдында мамлекеттик кызматкерлердин маянасы 45%га көтөрүлөрүн билдирди. Мамлекет башчысы дээрлик 700 миң аткаминердин маянасы көтөрүлөт деп убада кылганын "Анадолу" агенттиги билдирди.

"Биз мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын 45% көтөрүүнү чечтик, кеп 700 миңдей адам жөнүндө болуп жатат", - деди саясатчы.

Эрдогандын айтымында, Түркиядагы чиновниктин минималдык айлыгы 15 миң лирага чейин (азыркы курс боюнча 67 миң сомго жакын) көтөрүлөт.

Мындан тышкары, жакындары теракттан же аскерде кызмат өтөп жүрүп каза болгондордун айлык акысы 10% жогорулатылат. Ашыкча эмгек акы 70%га, түнкү жумушка чыккандар үчүн 8%га жогорулайт.

Белгилей кетсек, Эрдоган шайлоого бир нече күн калганда мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөргөн. Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Эрдоган башкаруучу “Республикалык альянстын” жалгыз талапкери. Анын негизги атаандашы оппозициядагы “Элдик альянстын” бирдиктүү талапкери Кемаль Кылычдароглу болмокчу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости