www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленскийдин айтымында контрчабуул дагы жылдырылды. Украина НАТОдон дагы курал-жарактарды беишин күтүп жатат. Жүрөкзаада кылган контрчабуул качан башталар экен. Же Украина пиар кылып жатабы? 2022- жылы Украинада согуштун башталышын Ванганын алдын-ала айтышы, ага өзгөчө кадыр-барк алып келген. 2023- жылы Ванганын айтуусунда эмнелер болот, бул да кызуу талкууну жаратып жатат.  Ванга Украинада согуштун башталышын алдын-ала айткан, андан тышкары улуу биригүүнү айтып кеткен.  Кээ бир скептиктер  болгон окуяларга Ванганы жамап коюп жатышат деген ойдо болушса, кээ бирлердин оюу боюнча Ванга - бул терең ойлонуштурулган мамлекеттик бизнес.  2022 жылдын башында Ванга Украинада согуштун башталышын алдын-ала айтканы бышыкталган, ал эми  2023-жылы Ванганын айтымында Европаны алоонгон согуш бороону каптап, согуш апогейине жетет.

2023-жылы Батыш Европаны диний жана этникалык кыртыштагы келишпестиктер каптайт. Ванга эч качан бүтпөгөн согуштук аракеттерден улам сириялыктардын, ливандыктардын жана башка улуттагылардын масштабдуу түрдө көчүп-конушун көрөт. 2023-жылы Европа калкы азая баштайт. Алардын территориясындагы көптөгөн согуштар болуп, адамдар апаатка учурайт деп айткан. Ал эми гегемон-мамлекет кайсы? Буга Ванга өзүнүн таамай сөзү менен жооп берген. "Америка башын жоготот. Бул өлкөнү карылыгы өлтүрөт" деген. Балким, 2023-жылы Кошмо Штаттары Украинага миллиардаган суммадагы акча берип жатканын айтып жаткандыр.  2020-жыл тууралуу алдын ала айтууларда: "Күн ойгонгон өлкө белек алат" деген жазуулар бар. Балким, көзү ачык Япония көз арткан аралдарды айтып жаткандыр. Бирок, Орусия деле өз аймагын башкаларга бере койбос...

Ванганын айтымына караганда, 2023-жылы Жерде табигый катаклизмдер көп болот мындайча айиканда "чоң-чоң от тутануулары". Дүйнө отко байланыштуу болгон эбегейсиз толкундоолорду күтүп калат, ал көптөгөн талкаланууларды жана курмандыктарды алып келет. Башка бир катаклизм тууралуу: "Дарыяларды жана океандарды көтөргөн кар адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзөт" деп жазылган. Муну кантип түшүнсөк болот? А балким, ал Антарктика жарым аралынын жээктериндеги Ларсен мөңгүсүн айтып жүрбөсүн? Окумуштуулар ал мөңгүнүн көлөмдүү бөлүгү сынып ажырап кетүүсү мүмкүн экенин божомолдошот. Аны менен Дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлөт, Натыйжада, Түштүк-Чыгыш Азиянын көпчүлүк аймагы, Европанын жарымы жана Түштүк Америка суу алдында калып калышы мүмкүн.

 Жай мезгилин ортолой "чоң көчүп-конуу" болуп, түштүк өлкөлөрүнүн элдерин Канадага, Түндүк Америкага жана Орусияга көчүрө баштайт. Тайвань жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин жакырланышы ыктымал. Ванга бул аймактарда боло турган бир нече жер титирөөлөр тууралуу айткан, анан да, аны адамдардын ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Түштүк бөлүктөгү мамлекеттерде стихиялык коркунучтар көбөйгөндүктөн, адамдар борбордук аймактарды көздөй көчө башташат, Африканы ачкачылык курчайт. Өлүм болуп көрбөгөндөй көбөйүп, вирустук жаңы оорулар пайда болуусун шарттайт жана башка өлкөлөргө да жайыла Орусиядан аман калуунун аргасын табышат.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости