www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын коопсуздук күчтөрү бир күн мурда Сирияда жүргүзгөн операцияда Ислам мамлекети террордук уюмунун лидери делген Абу аль-Курашиди жок кылышты. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган TRT Түрк, ATV Avrupa, Euro D, Euro Star жана Kanal 7 телеканалдарынын, Anadolu жана TRT Haber телеканалдарынын биргелешкен уктуруусунда билдирди.
Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму (MİT) террористтердин лидерин көптөн бери көзөмөлдөп келген.
Президент Эрдоган Түркиянын террордук уюмдарга каршы чечкиндүү күрөшүн уланта турганын белгиледи.
Мамлекет башчысы ошондой эле Европа өлкөлөрүндө исламофобия күчөгөнүнө токтолду.
«Расизм, исламофобия жана дискриминация Батышта рак клеткалары сыяктуу тездик менен жайылып баратат.
Түрк лидери Батыш өлкөлөрү дагы деле бул коркунучка каршы күрөштүн деңгээлин көрсөтө электигин белгиледи. Европада да мусулмандарга жана мечиттерге карата жек көрүү сөздөрү жана кол салуулар көбөйүп жатканын белгиледи.
«Расисттик топтордун жийиркеничтүү иш-аракеттери, анын ичинде мечиттерди өрттөө жана ыйык Куранды кордоо сыяктуу көрүнүштөр көбөйдү», - деди Эрдоган.
Булак: NazarNews.kg